27-августта Кыргызстан боюнча 24 өрт кырсыгы катталганын ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Бишкек шаарында 5, Чүй облусунда 6, Жалал-Абад облусунда 4, Ош облусунда 5, Ош шаарында 2, Нарын жана Талас облустарында 1ден өрт кырсыгы орун алды. Кырсыктан каза тапкандар болгон жок.