Түштүк Кореяда учурда 4 миңдей кыргызстандык жаран окуп, иштейт. Муну бүгүн, 28-августта аталган өлкөнүн Кыргызстандагы элчиси Ким Чан Гю билдирди. Айтымында, былтыр кыргызстандык 200 студент Түштүк Кореядан билим алышты. Ал эми Кыргызстанда учурда 260 кореялык студент окуйт.