Өзбекстандык 40тай жаран кыргыз паспортун жасатышып, быйылкы ажылык сапарга барууга квота алышты. Муну 28-августта маалымат жыйын берген Орто Азия жана Кыргызстан мусулмандар конгрессинин төрагасы Бакыт Нурдинов айтты. Буга азыркы муфтий Рахматулла ажы Эгембердиевдин катыштыгы бар деп эсептейт ал. "2011-жылы Эгембердиевдин адамдары аркылуу тажикстандык 40 жаран, 3 кытайлык жана 23 өзбекстандык жаран ажылык сапарга Кыргызстандын атынан квота алган",- дейт Нурдинов.