Ош шаарында учурда 49 852 мектеп окуучусу жана 3006 мугалим бар. Быйыл шаарда 3232 окуучу мектепти аяктап, анын 3117си жалпы республикалык тестирлөөгө катышты. “Мектептерде жакшы окуган окуучуларга караганда орто же начар окуган окуучулардын саны көп”,- дейт Шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Гүлайым Машрапова. Айта кетсек, 27-августта Ош шаарында мугалимдердин кеңешмеси болуп өттү.