Акыркы 3 жылдын ичинде кыргызстандыктар 3 243 баланы багып алышкан. Бул тууралуу бүгүн, 28-августта социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев билдирди. Айтымында, 2013-жылдын биринчи жарым жылдыгында 364 бала асырап алынды. “Балдарды өлкө ичинде асырап алууга басым коюп жатабыз. Эл аралык асырап алуунун айланасында ар кандай сөздөр айтылып келет. Учурда бул тармакта иш алып барган эл аралык уюмдарды аккредитациялоо боюнча жаңы долбоор иштеп чыктык. Долбоорго ылайык, бала асырап алуу боюнча иш алып барган эл аралык уюмдар Кыргызстанда иш жүргүзө берет. Бирок бала багып алуучуларды тандоо критерийлери катуу көзөмөлгө алынат",- дейт министр.