Рейд учурунда 31 кичи автобус текшерилип, алтоосу каттамдан четтетилди

Кичи автобустар тарабынан жүргүнчүлөрдү ташуу эрежелерин сактоо боюнча Шаардык транспорт башкармалыгы Бишкек ШИИББинин жол кыймылын көзөмөлдөө кызматы менен биргеликте рейд өткөрдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы бүгүн, 28-августта билдирди. Рейддин жүрүшүндө 31 кичи автобус текшерилип, алардын алтоосу “жүргүнчүлөрдү ташуу эрежелеринин талаптарына жооп бербейт” деп табылды. Иш-чаранын жыйынтыгы менен кичи автобустардын 6 бирдиги жумуштан четтетилип, 19 айдоочуга эскертүү берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан