Кара тумоого байланыштуу 4-12-сентябрда Ысык-Көлдө өтө турган XIII Эл аралык Ысык-Көл оюндарына Кытай жана Монголия мамлекеттеринин спортчулары катышуудан баш тартышты. Бул тууралуу Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Мурат Саралинов билдирди. Анын айтымында, Кытай мамлекети катышпай тургандыгы толук такталды, ал эми Монголия менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Ошондой эле ал өлкөлөргө "Кыргызстан боюнча карантин жарыяланды" деген маалыматтар таркагандыгы белгилүү болду. Учурда чет өлдик делегацияларга түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Айта кетсек, 22-августта Ысык-Көлдө 15 жаштагы өспүрүм кара тумоо илдетинен каза тапкан. Облустун айрым аймактарында карантиндик режим киргизилди.