Жалал-Абад. Окуучулардын билими жакшы, тартиби начар

Жалал-Абад шаарында учурда 20 мектеп, 23 бала бакча иштейт. Кыргыз тилдүү 5, орус тилдүү 2, аралаш тилдүү 13 мектеп бар. Маалыматты бүгүн, 28-августта Шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Чырмаш Дооронов билдирди. Айтымында, шаарда 1752 мектеп мугалими, 130га жакын бала бакча тарбиячысы иштөөдө. "Биздеги окуучулардын билим деңгээли жакшы. Белгилей кетсек, №1- гимназиянын окуучусу Арген Боржонов жалпы республикалык тестирлөөдөн 347 упай топтоп, республика боюнча биринчи орунду алды",- дейт Дооронов. Бирок окуучулардын тартиби жакшы эмес. Жаңы окуу жылында алардын билими менен катар тартибине да көңүл буруу күчөтүлө турганын айтты ал.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан