Депутат саламаттыкты сактоо министрин кызматтан кетирүү керектигин айтты

Депутат Алтынбек Сулайманов саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевди кызматтан кетирүү керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 1-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Коменданттык сааттын көпкө узарышына бизде мүмкүнчүлүк жок. 15-апрелден ары созулса эл, мамлекет дагы кыйналат. Өкмөт элди бага албайт. 1 миллион тест 3 миллион доллар болот экен. Алып келип менчик ооруканаларга берүү керек. Аларга текшерүүгө эмне үчүн мүмкүнчүлүк берилбей жатат? Космосбек Чолпонбаевди тез арада кызматтан кетириш керек. Ал өзүнүн жумушун аткара албай жатат. Ал менчик ооруканалардан кызганып жатат", - дейт ал.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан