Шаарда бүгүнкү күндө жалпы 57 мектеп бар, анын төртөөсү жеке менчикте. Мындан сырткары 2 түрк лицейи жаштарга билим берет. Шаардык билим берүү башкармалыгына караган 51 мектептин оңдоп-түзөө иштерине быйыл жергиликтүү бюджеттен 13 миллион 663 миң сом бөлүнүптүр. “Учурда мектептерде оңдоп-түзөө иштери аяктап, жаңы окуу жылына толук даяр”,- дейт Шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Гүлайым Машрапова.