Жалал-Абад. Таш-Көмүр ГЭСи тапкан кирешенин 2 пайызы жергиликтүү бюджетке түшөт
Буга чейин Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарындагы Таш-Көмүр ГЭСинин тапкан пайдасы элге тийбей келген. Август айынан баштап ГЭС тапкан кирешенин 2 пайызы жергиликтүү бюджетке түшөт. Муну бүгүн, 28-августта Таш-Көмүр шаарынын мэри Болотбек Миңбаев билдирди. Айтымында, ай сайын аталган шаардын бюджетине ГЭСтен 2 миллион 600 миң сом киреше түшөт. "Бул сумма ар дайым өзгөрүлүп турат. Кышында көп, жайында азыраак киреше түшөт",- дейт мэр.