Жалал-Абад. Таш-Көмүр шаарында 10 жылдан бери кароосуз калган спортзал оңдолууда

Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында 10 жылдан ашык убакыттан бери кароосуз калып, колдонулбай калган ДОТС спортзалы оңдолууда. Бул тууралуу бүгүн, 28-августта аталган шаардын мэри Болотбек Миңбаев билдирди. Айтымында, мамлекеттик бюджеттен 3 миллион, ал эми жергиликтүү бюджеттен 1 миллион сом каражат бөлүнгөн. "Учурда оңдоо иштери жүрүп жатат. Бул имарат ишке берилсе, спорттун бардык түрү менен спортчулар машыга алышат. Бардык талапка жооп берген шартта салынууда",- деди Миңбаев. Ошондой эле ал мамлекеттин атын көбүнчө спортчулар чыгарарын, машыккан балдар кылмыштуулуктан алыс болорун белгиледи. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан