Ош шаарынын борбордук базарында сатылып жаткан казакстандык кумшекерлердин ичинен майда таштар чыгууда. Муну шаардын жашоочулары айтышууда. Гүлнара Асанова 20-августта базардан Казакстандан алынып келинген кумшекерди сатып алып, колдонордо ага кум, таш аралашканын көрүптүр. Шаардын жашоочусу бул адамдардын ден соолугу үчүн кооптуу экенин айтат. Ал эми Ош облустук Кардарлардын укугун коргоо башкармалыгынын өкүлү Төлөгөн Келдибаев: “Казакстандан товардын сапатына көңүл бурууну талап кылабыз. Эгер мындай көрүнүш улана берчү болсо, анда алардан кумшекер сатып алууну токтотуп койсок болот”,- дейт.