Биз социалдык тармакта

ӨКМ: "1-апрель күнү өлкө боюнча 1 миллион 387 миң чарчы метр аймак дезинфекцияланды"

ӨКМ тарабынан аткарылган сутка ичиндеги иштер боюнча кыскача маалымат. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1-апрель күнү өлкө боюнча 1 миллион 387 миң чарчы метр аймак дезинфекцияланды:

ӨКМ тарабынан 12 миң орундук даярдалган;

Өлкө боюнча санитардык-карантиндик жана блокпостторго ӨКМ тарабынан 120 даана чатыр жана 56 мобилдик турак үй орноштурулган;

Обсервацияда жайгаштырылган жарандарга 3 маал ысык тамак-аш берилип жатат;

112 ыкчам номуруна өткөн сутка ичинде коронавирус боюнча 1004 чалуу түшүп, нөөмөтчүлөр келип түшкөн бардык суроолорго жооп беришүүдө;

Өткөн суткада жалпы 10 миң 236 чалуу түшкөн, басымдуулугу максатсыз чалуулар;

ӨКМнын өлкө аймагында иш алып барып жаткан өздүк курамына медициналык көп жолку кийүүчү 500 даана жеке коргонуу кийим (комбинезон), 1030 даана көп жолку колдонуучу бет кап берилген;

ӨКМ тарабынан 100 тонна ун Ош шаарынан Ноокат районуна, 60 тонна ун Жалал-Абад шаарынан Ала-Бука районуна жеткирилген;

ӨКМ тарабынан 179 куткаруучу жана 16 унаа тартылган.

1-апрель күнү өлкө боюнча 1 миллион 387 миң чарчы метр аймак дезинфекцияланды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан