Азыркы тапта Бишкек шаарында жылуулук берүү токтой элек. Жылуулук эмне себептен өчүрүлбөй жатканына мэриянын басма сөз кызматынан жооп беришти.
"Азыркы тапта Бишкек шаарында кечкисин абанын температурасы төмөн болуп жатат. Ал эми обсервациянын шарттары боюнча бөлмөлөр жылуу болуш керек, буга карап да жылуулукту өчүрбөй жатабыз", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Ошондой эле жакынкы аралыкта мэриянын ыкчам штабында жылуулукту кайсы убакытта өчүрүү маселеси карала тургандыгын кошумчалашты.