"Пакистанга даваатка кеткен атамдан дайын жок". Баткенде 4 жаран декабрь айында төрт айга даваатка кетишкен

"Айылыбыздан 4 киши Пакистанга 4 айга даваатка кеткен. Алар апрелдин биринде келмек. Бирок карантинге карата жол жабылып калып, келе албай жатышат", - деген жаран SUPER.KG порталына кайрылды.

"Баткен облусунун Кадамжай районундагы Бирлик айыл өкмөтүнөн төрт киши 2019-жылдын 5-декабрында Бишкектен Өзбекстан аркылуу Пакистанга кетишкен. Алардын арасында 62 жаштагы атам дагы бар. Ал учурда коронавирус деген оору чыга элек болчу. Эми байланышалы десек жанында телефондору жок. 30-март күнү атам WhatsApp аркылуу апам менен байланышыптыр. Атамдын айтымында, ал жакта кыргыздар көп экен. Ал 5-6 күндө кыргыз тарап учак жөнөтөт деп айткан экен. Апам Пакистандын кайсыл жагында жүрөсүңөр десе "Биз алыскы айылында мечитте жашап жатканбыз. Бирок коронавирус боюнча эч кандай маалыматыбыз жок болчу. Анан эле айылдагылар бизди бул жактан кете бергиле деди. Азыр биз Пакистандын борборуна бара жатабыз" деген экен атам. Ошол боюнча бизде алар тууралуу башка маалымат жок болуп жатат.

Сиздер Пакистанда кармалган кыргыздар боюнча маалымат жазганда аты-жөндөрүн жок дегенде кыскартып жазууңуздарды суранабыз. Балким биздин атабыздын дайыны чыгып калат. Кыжалат болуп турабыз", - дейт ал.

Буга чейин Пакистандын Абботтабад шаарында 3 Кыргыз жараны коронавирус жуктурганы аныкталган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (28)
Mirlan27011987
2020-04-03 15:22:04
Эми ушул давааты жок эле жакшынакай жашоо турмуш откорсо болот да. Пакистанга барышып эмне пайда таап жатышат тушунбойм. Анан бул жака келип алышып атасына акыл насааатчы болуп алышат экен. Даваатка чыкпай эле, уйдо калып уй булонорду татыктуу баккыла да.
+6
Bekturbek
2020-04-03 15:26:54
Mirlan27011987, Чет жака окууганы эмнеге барышат адамдар? Алар эмне пайда көрүп жатат? Ошондой эле буларда илиминини остүргөнү барышат! Жазганда акылыңы ключат кылып жаз ХХХХХ
-24
AksyKum
2020-04-03 15:28:51
Bekturbek,алар чет жактан окуп Эл учун иштейт.мисалы медиктер
+8
Bekturbek
2020-04-03 15:32:55
AksyKum, эмне булар кызмат кылбай жатабы? Адамдык сапаттарды сактоого чакырып жатпайбы? Паракордук жаман экенин үймө-үй жеткирип жатпайбы? Үй-бүлө ажырашпасын деп руханий азып берип жатпайбы? Аборт жаман никесиз кошулба дегендер ушулар эмеспи? Кылган иштерин эсептесең көп!
-12
AksyKum
2020-04-03 15:35:24
Bekturbek,паракорлук жаман экенин жаш балада билет
+5
Bekturbek
2020-04-03 15:38:02
AksyKum, эмнеге анда жоголбой жатат?
-2
AksyKum
2020-04-03 15:41:00
Bekturbek,Эгер билсен дуйнодо эн сабатсыз Элдер индустар менен пакилер ошолордон илим алган силерге рахмат
+15
Bekturbek
2020-04-03 15:43:49
AksyKum,мен сенден коррупция эмнеге жоголбой жатат деп сурадым?
-4
AksyKum
2020-04-03 15:46:28
Bekturbek,сен туу туткан арабияда эле жокбу паракорлук.
+9
Muratmipa
2020-04-03 16:06:29
Bekturbek,андай жакшы нерселерди пакистанга барбаса деле бул жактан үйрөнсө болот либой адам билет аны
+9
AksyKum
2020-04-03 15:26:32
Бийлик эле бош ушундай темселеп кеткенине дагы,ас алып кеткенине дагы самалет жонотуп.силерден башка эч башка иш жок.мамлекетке бир пайда келтире албагандан кийин зыяныныда тийгизбе.кысып ошол жакта отуруп тур олбосон келерсин.ансызда сага окшогондор оору алып келип канчалаган адамдар ачка,канчасы куну туну иштеп жатат.мамлекет ар жактан садака сурап журот
+16
Rajo100
2020-04-03 22:11:28
AksyKum,э азамат экенсин.акылына береке
+2
nurali1989
2020-04-03 15:39:11
Мамлекет тарабынан чектоо киргизиш керек, дааватти Кыргызстандын ичинде гана кылышсын. Биздин айылга бир Индиядан же Пакистандан келип даават кылгандарды коро элекмин. Ар нерсенин чеги бар да, уй було бала чака дегендей. Эми бул тууганыбызга тактап берип койсонор, жакшы эле болот.
+13
States
2020-04-03 15:53:35
Эгер мамлекет Пакистанга Бангладешке дааватка барганга тыюу салбаса аягы аянычтуу бутуп калат . Ушул динчилдер кууратат го бизди бир кун
+13
kumushbek.kuttubekov
2020-04-03 15:55:51
Дааватка деп жазылса туура болот го э
-3
aydinnur
2020-04-03 16:06:21
Даваат эле туура,арабчада ошондой айтылат,даават деп тилге ынгайлаштырып алганбыз да..А бул балага жардам берип,билип берсе туура эле болот го..Болду го эми болоору,мин туркой болсо да атасы биздин жаран,мындан кийин чон сабак болсун деп тилейли андан коро
-5
Milduri
2020-04-03 16:07:32
Аман эсен, сак саламат келип алышсын үйлөрүнө, жараткан Аллахым өзүнө тобокел кылып дин жолуна чыккан адамдарды өзү коргоп, сактап үйлөрүнө, балдарына жакшы жеткирсин. Жана жогоруда талашып тартышып, табалап аткан адамдарга ыйман бер, хидаят бер Аллахым, алардын кетирген каталарын күнөөлөрүн кечир Аллахым, Алар дагы беш убак намазын окуп өзүңдүн жалгыз экениңди даңазалап туура жолдо жүрүшүн буйруп насип эткин Аллахым! Амиин.
-8
AksyKum
2020-04-03 16:28:52
Milduri,ооба алардын катарында Пакистан га тентип кеткендерге дагы акыл эс берсин Аллахым
+9
nazarnew
2020-04-03 16:09:58
Все атаң менен коштошо бер уже, келсе точно жок кылынат, уже көп адамдар көргүсү келбей калышты даватчыларды и умрачыларды, лучше ошол жакта тынчый берсин, бул жака келсе каша кылышат миллион адамды заражать этишип, лучше жок болуп кетишсин итак тойгозушту эшектер, надоели уже көтү кысып үйдө олтурушпай.
+8
talas0707
2020-04-03 17:15:23
Ыйман берсин баарыбызга Аллахым.
+4
bond02
2020-04-03 17:31:02
Атан келип калаар, бир куну уйунордун бурчунан азан айтып.
+7
Firdaus-Muslim
2020-04-03 17:41:43
Табаңар канып жатабы теңирчилер, динге асылбай сүйлөгүлө.
Аларда биздин жарандар эсен аман келип алышсын дегедин ордуна табалайсыңар.
Кудай буюрса келишет жакында.
-2
Kuyoo_bala
2020-04-03 17:45:45
Ээй комментарийчилер,катындарча айтышып урушпай жон мушташкыла.)))
-4
munduz2016
2020-04-03 18:06:06
Буюрса аман-эсен жетип келишет,Алланын жолундагы кишилер экен...
-4
Aikaaaa
2020-04-03 18:11:34
munduz2016,ооба сакалдарын сапсайтып, этегин үзө басып, жүдөп какап деп кой
-1
talas0707
2020-04-03 20:17:59
Aikaaaa, олбойчуудой суйлойсунор.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан