Бишкек шаарында жылуулук берүү 4-апрелде өчүрүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, мэриянын ыкчам штабынын жазгы, кышкы мезгилдерге даярдоо жыйынында жылуулук берүүнү өчүрүү чечими кабыл алынды. Тиешелүү токтомго шаар мэри Азиз Суракматов кол коёт деп айтылат маалыматта.
Жылуулук берүү 19-мартта өчүрүлүп, аба ырайына байланыштуу 24-мартта кайрадан бериле баштаган.
Буга чейин жылуулук берүү качан өчүрүлөрү белгисиз экени маалымдалган.