Улуттук суусундуктарды көчөдө сатууга тыюу салууга жаштар нааразы

Улуттук суусундуктарды көчөдө сатууга тыюу салууга жаштар нааразычылык пикирин билдиришти. Бул тууралуу "Республика" партиясынын жаштар канатынын төрагасы Бактыяр Калпаев билдирди. “Шаардагы санитардык эрежелерди улуттук суусундуктардын көчөдө сатылышы эмес, убагында чыгарылбаган таштанды, оңдолбогон жолдор жана мекемелер бузат. Шаар тургундары жана коноктору ырахаттануу менен бул суусундуктарды ичишет. Биз атаандаштык күч алып турган кезде улуттук суусундуктарды чыгарган компанияны колдообуз зарыл”,- деди ал. Белгилей кетсек, кечээ, 27-августта мэр Иса Өмүркулов шаардагы көчөлөрдө улуттук суусундук, чай сатканга тыюу салуу керектигин айткан эле.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан