Биз социалдык тармакта

"Ундун акыркысына бүгүн нан бышырабыз". 6 небереси менен күн кечирген 70 жаштагы Жумагүл апа жардам сурайт

"Өлкөгө карантин жарыялангандан бери "Баят" базарында жүк түшүрүп иштеген балам жумушсуз үйдө отуруп калды. 6 неберем менен батирде жашайбыз" деген 70 жаштагы Жумагүл апа SUPER.KG порталына элден жардам сурап кайрылды.

"Биз 2005-жылы жолдошум Болотбектин оорусуна байланыштуу Кара-Кулжа районунан Бишкекке көчүп келгенбиз. Келгенден бери батирден батирге көчүп жашап келебиз. Учурда Бишкектеги Дача конушунда айына 5 миң сом төлөп жашайбыз. Эртең батир акысын беришибиз керек эле, кантип төлөйбүз деп айлам кетип турат. Жолдошум экөөбүздүн эки кыз, бир уулубуз бар. Уулум Азамат "Баят" базарында жүк түшүрүп иштечү. Үйдөн жалгыз иштеген адамыбыз ушул уулубуз. Ал дагы минтип базар жабылып калгандыгына байланыштуу жумушу жок үйдө отуруп калды. Кичүү кызым күйөөсү менен ажырашып кетип, үйгө келген. Кызымдын төрт баласы, уулум Азаматтын эки баласы болуп алты неберени багып отурабыз. Өзүм 4 миң 300 сом пенсия алам. Ал акча эч нерсеге жетпейт экен. Жолдошум оорусуна байланыштуу дары-дармегин алабыз. Акчабыз жоктугуна байланыштуу дарысын дагы алып бере албай калдык. Кызымдын дагы бөйрөгү ооруйт. Бүгүн акыркы унубуз менен нан бышырып жатабыз. Эки-үч күнгө эле жете турган азык-түлүгүбүз калды. Неберелеримдин улуусу 7-класс. Аларды көрүп жүрөгүм ооруйт. Кайрымдуу адамдардан Аллах ыраазычылыгы үчүн жардам сурайм. Акыбалыбыз оор болуп турат", - дейт Жумагүл апа.

Оор кырдаалда Жумагүл апага жардам берем дегендер 0507 67 27 67 жана 0707 14 72 49 номерлерине чалып, байланышсаңыздар болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
nuke-85-85
2020-04-03 19:43:45
Кагылайын кыргыз калкым бир муштумдай болуп ушул энебизге жардам берели. Алыста болсок жок дегенде телефону номерине 20 сом салып койсок да чон жардам. Келгиле алланын ыраазычылыгы учун жардамыбызды аябайлы.
+13
Alia82
2020-04-03 20:18:35
Супер мен силерге эч тушунбой турам, аябай эле реклама кылып атасынар го баланча тонналап ун таратты, тукунчо май таркатты деп, анан ушундай чындап муктаж адамдарды элден жардам суратпай эле озунор билип эле адресин ошол баланча, тукунчолорго берип айтып койсонор болбойбу, деги ошол берип аткандары чын болсо ушундай кыйын абалдагы чыныгы муктаждарга беришсинчи
+17
momun74
2020-04-03 23:47:52
Alia82,туура эртеден бери элдик кабарга жазып атабыз чыкпай жатат коншу Озбекстан жардам катары берген 16вагон унду аз камсыз болгондорго таркатпастан Ошто Ноокатта сатып жатышат экен
+3
Bars88
2020-04-03 20:19:40
Канча кишилер мынча кишиге жардам берип атабыз мынча тонна ун мынча тонна май берип атышат деп эле интернеттен коруп калабыз.Кимдер алып атышат же жон эле рекламабы же кереги жоктор эле алып атышабы
+11
Alia82
2020-04-03 20:21:45
Анан дагы атайын счетко которулуп аткан акчалар ушундай муктаждарга берилбегенде кимге берилет, бир нече миллион болуп калды эле го
+9
nurgaz
2020-04-03 20:56:58
Окмот ар бир уйго эле ун май таратып чыгыш керек карызга болсо дагы, элде бир четтен эле продукта тугонду.
+10
anash
2020-04-03 20:58:14
Ошол акча жардам берип аткандар прямой эле кыйналгандарга бергилечи садагаболоюндар счётко тушсо ким билет кайда кетет
+12
esimdesin
2020-04-04 10:12:39
Супер ошол жардам берип аткандарды тактап каяка кимге берилди жазбайсынарбы муктаждарга берилбейт деп жогорудагы комменттер туура айтат
Эмне унчукпай калдынар
+1
nurhan2702
2020-04-05 12:57:51
Депуттардын чыныгы жузу корунуп атат. Элдин башына оор кун келгенде чээнге киргендей зымырадынар го чиркин. Буюрса карантин бутуп дагы кийинки шайлоого талапкер болорунарды ойлогула. Анан дагы ырчыларга доллар толоп чыксанар эл барбай коюшунан корккула
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан