Бүгүн, 28-августта Бишкек шаардык карылардын жатак-үйүндө эки пенсионер расмий түрдө баш кошушту. Башкача айтканда, 15 жылдан бери чогуу жашашкан 75 жаштагы Мелис Балыкбаев менен 72 жаштагы Зинаида Чыныбаева бүгүн нике күбөлүгүн алышты. “Мурда шаар четиндеги дачалардын биринде турчубуз. Кемпиримдин да, менин да балдарым бар, бирок алар чет өлкөдө. Карыганда кыйналып кетип, карылар үйүнө келдик”,- деди ал. Карылар үйүнүн директору Эркингүл Абдылдаева минтип баш кошуп, бактылуу жашап жаткан 11 пенсионер бар экенин айтып, мындай окуяларды карылар үйүнүн жалпы жамааты ар дайым чогуу белгилешерин айтты. “Карылар үйүнүн 2-кабатынын бир тарабы атайын үй-бүлөлүүлөр үчүн бөлүнгөн. Алар үчүн бардык шарттарды түзүп бергенге аракет кылабыз”,- дейт Абдылдаева.