Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн 4-кабатынан аял кулап түштү. Бул тууралуу Бишкек шаардык комендантынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Октябрь РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө саат 18:00 чамасында 5-кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин 4-кабатынан аял киши кулап түшкөндүгү тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам иликтөө тобу барган.
"1985-жылы туулган У.М. аттуу аял көп кабаттуу үйдүн 4-кабатынан кулап түшкөн. Ал Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилген. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, иликтөө иштери башталды", - деп айтылат маалыматта.