Быйыл Жалал-Абад облусунда 19 236 бала 1-класска барат, алардын 1900ү балдар бакчасында тарбияланышкан. Маалымат 28-августта шаарда өткөн мугалимдердин август кеңешмесинде айтылды. Былтыркы окуу жылында облуста 476 мугалим жетишсиз болсо, учурда ал сан 175ке кыскарды. Быйыл 129 жаш мугалим жумушка орношуптур.