Канатбек Исаев, депутат: "Аккула" ат майданы 800 миң сомго сатылып кеткен"

Бишкектеги "Аккула" ат майданы убагында 800 миң сомго сатылып кеткен, азыр аны мамлекетке кайтарып алуу аракеттери жүрүп жатат. Муну ЖКнын депутаты, КРнын Көк бөрү федерациясынын президенти Канатбек Исаев айтты. Айтымында, ат майдандын аянты - 57 гектар. “Ат майданын мамлекетке кайтаруу боюнча прокуратурага кайрылгам. Учурда бул иш Бишкектеги райондор аралык сотто каралып жатат”,- дейт Исаев. Жеке менчикке сатылып кеткен Каракол шаарындагы ат майданды да кайтарып алуу боюнча иш жүрүп жатканын айтты ал.     

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан