Жалал-Абад шаарында айдоочулардын 70 пайызы гана унааларына салык төлөштү. Муну Шаардык салык башкармалыгынын өкүлү Таалай Үмөтов 28-августта айтты. Көбүнчө кымбат баалуу унааларды айдап жүргөндөр салык төлөбөй жатышат. "Сентябрь айына чейин салык төлөшпөсө, ар бир айдоочуга 2000 сомдон административдик айып салынат",- деди Үмөтов.