Тажикстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги өлкө жарандарын кара тумоого байланыштуу 31-августка чейин Кыргызстанга, өзгөчө Ысык-Көл облусуна барууда этият болуусун, шарт болсо Кыргызстанга кирбей турууга чакырды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн ММКлары жарыялашты. Тажикстандын санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө башкармалыгынын өкүлү Навруз Жафаров билдиргендей, сунуш өлкөнүн Жаштар, спорт жана туризм комитетине жана башка мамлекеттик органдарга жөнөтүлдү.