"Ата Мекен" фракциясы энергетика тармагындагы коррупцияга каршы күрөш ачат
Өмүрбек Текебаев башында турган “Ата Мекен” фракциясынын
депутаттары 26-августта Жалал-Абад облусундагы Кара-Көл шаарында шайлоочулар
менен жолугушуу өткөрдү. Депутаттар Сайдулла Нышанов, Бактыбек Калмаматов менен
Жоомарт Сапарбаев катышкан жолугушуунун жүрүшүндө өлкөдөгү социалдык-экономикалык
абал, мамлекет тарабынан жүргүзүлүп жаткан реформалар, ошондой эле жергиликтүү
калк башынан кечирип жаткан көйгөйлүү маселелер талкууланды. “Ата Мекен”
фракциясынын башчысы Өмүрбек Текебаев шайлоочулардын алдында сүйлөп жатып өлкөнүн энергетика тармагында орун алган көйгөйлөргө токтолду. “Алексей Ширшов
менен Сапарбек Балкыбеков Кыргызстанды эбак эле таштап кеткенине карабастан,
алар бул тармакка киргизген “күңүрт схемалар” сакталып кала берди. Акыркы
мезгилде өлкөнүн энергетикалык тармагында алардын мындай схемаларын ишке
ашырып, “энергобарондордун” мыйзамсыз ири кирешелерин камсыз кылган “адистер”
кайтып келе баштады”,- деди эл өкүлү. Ошондон улам Текебаев президент
тарабынан жарыяланган коррупцияга каршы күрөшүү өнөктүгүнүн алкагында энергетика тармагындагы "күңүрт схемаларга" каршы күрөш ачуу жаңы парламенттик
жылдагы фракция ишинин артыкчылыктуу багыты болуп каларын баса белгиледи.