Биз социалдык тармакта

Орусияда тереземдин түбүндө ызылдап жатышты деп 5 адамды атып өлтүргөнгө шектүү кармалды

Орусиянын Рязань облусундагы Елатьма кыштагынын жашоочусу беш адамды атып салды. Орусиялык басылмалар жазгандай, беш кишини атканга шектүү киши кармалган. Мындай кадамга барышына беш киши анын терезесинин түбүндө туруп алып, бака-шака түшкөнү себеп болгон.

"Ал адам балкондон топтолгон жаштарга менин тереземдин жанында туруп алып, катуу сүйлөшүп жатасыңар деп эскертүү берген. Мындан кийин топтолгон адамдар менен ал кишинин ортосунда чыр чыгып, үйдүн жашоочусу сыртка курал менен чыгып аларды ата баштаган", - деп жазылат маалыматта.

Анда белгиленгендей, мунун кесепетинен төрт эркек киши жана бир аял окуя болгон жерден каза болгон. Кылмышка шектүү кармалып, кылмыш иши козголгон. Орусиянын мыйзамына ылайык, мындай учурда кылмышкер өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Шектүү окуядан кийин качып кетүүгө аракет жасаган, бирок полиция кызматкерлери көп узабай колго түшүргөн. Куралын жанына алган эмес, үйдө калтырган, бирок күнөөсүн четке каккан эмес. Полициядан ал азыр тергөө абагында экенин, ошондой эле психикалык жактан ооруп, каттоодо турганын билдиришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Nur777
2020-04-05 17:23:26
Желим ботолколорго суу куюп ыргытса эле кетмек,машина менен музыка коюп алышса ошондой кылам,тобосуно даан! даан! этип 2-3оо тушкондо бир жерлери тушуп,музыкасы тып басылып,эшиктерин жапканга улгурбой жоношот го чиркин,не благодарите)))
Бечара киши,менден откон нервный экен да,эми ооруусуна шылтап скостят несколько лет...
+4
titanik32
2020-04-05 17:40:29
Мен Карагандада жашап жүргөндө,9 этаж домдо турат элем Алтын арба базарынын маңдайында илгерки ул,Букпинская 65 те.Туну үйдүн тубуно машине менен келип бака шака болгондо,пивонун ботолкосуно суу толтуруп балкондон 5 6-ну таштап жиберет элем.Асфальтка пачыыр деп чачырап сынганда ойлоп көр кандай болот,Кыйкырып сөгүнгөн боюнча кетишет эле шешен Казактар.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан