Бишкектеги карылар үйүндөгү бир адамдын тамак-ашына күнүнө 60 сом бөлүнөт

Бишкек шаарындагы карылардын жатак-үйүндө 200дөй кары күн өткөрүүдө. Алардын 20сынын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү. Карылардын тамак-ашына күнүнө 60 сом бөлүнөт. Маалыматты мекеменин директору Эркингүл Абдылдаева билдирди. “Карылар үйүнө эркек кишилер 60 жаштан, аял кишилер 65 жаштан жогору карай кабыл алынат. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүүлөр жашына карабай алына берет”,- дейт Абдылдаева. Өкмөттөн колдоо болбой, көпчүлүк учурда көз карандысыз уюмдардын жардамы менен иш жүрүп жатканын кошумчалады ал. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан