Бишкек шаарында коменданттык саатты 66 жаран бузган. Бул тууралуу онлайн жыйын учурунда Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев айтты.
"Бишкек шаарында өткөн сутка ичинде коменданттык саатты 66 адам бузган - 6 аял, 60 эркек. Алардын арасында 1 өспүрүм жана 1 чет өлкөлүк жаран бар", - деди ал.