Апрель революциясына 10 жыл толду. 7-апрель Кыргыз өлкөсүндө Апрель революциясы болгон күн. 2010-жылы Талас, Нарын шаарларында бийликке карата нааразычылык иш-чаралары башталган. Мындан улам ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин бийлиги оппозициялык саясатчыларды камакка алган. 7-апрелде эл камакка алынгандарды бошотуу талабы менен чыгышып, Бакиевдин бийлигин кулатышкан. Бул күнү 100гө жакын киши окко учуп, бир канча адамдар ар кандай жаракат алышкан. Негизи көп учурда ошол окко учкандардын каны акталдыбы деген суроо туулат.
Мындан улам SUPER.KG порталы "Апрель революциясы максатына жеттиби, жүзгө жакын жарандын каны акталдыбы?" деген собол салды.
Утурумдук өкмөттүн мүчөсү Темир Сариев революциянын максаттарынын бардыгы аткарылды деп айта албай турганын белгиледи.
"Биз 2008-2009-жылдардагы Кыргыз мамлекетиндеги абалды саясий чөйрөдөгү кабыл алынып жаткан чечимдерди, багыттарды эстешибиз керек. Анткени 2009-жылы шашылыш мөөнөтүнөн мурун президенттик шайлоо жарыяланып, ал жерде административдик күч колдонулуп, Бакиев 2-мөөнөткө президент болуп шайланган. Ошондон кийин бир топ өзгөрүүлөр пландаштырылган. Биринчиси, экономикадагы эң кирешелүү тармактарды толук көзөмөлгө алуу. Экинчиси, Конституцияны өзгөртүп, шайлоо демократиясынан кеңешме демократиясына өтөбүз деген багыт колдонуп, талкууланып, жакын убакта референдум аркылуу кабыл алынмак. Анда президенттин астында 7 кишиден турган кеңешме түзүлмөк. Ошол кеңешме президент кандайдыр бир себептерден улам өзүнүн милдеттерин аткара албай калса, 7 кишинин ичинен бирөөсү шайлоосу жок эле президент болмок. Ушуга утурлай Максим Бакиев жетектеген борбордук агенттик түзүлүп, бул агенттик өкмөттөн да жогорку бийликке, укукка ээ болуп, алар түздөн-түз өлкөнүн бардык кирешелүү багыттарын, мамлекетке кире турган инвестицияларды көзөмөлгө алууну көздөшкөн. Ушундай абдан чырмалышкан үй-бүлөлүк бийлик орнотула баштаган.
Мына ушул бийликке каршы саясатчылардан, коомдук ишмерлерден турган элдик кыймыл түзүлгөн. Бакиевдин бийлигине каршы туруп, саясатындагы кемчиликтерди көргөзүп турганбыз. Бакиев "бийликтен жөн кетпейм, керек болсо курал колдоном" деп айткан. Таласты күч менен басабыз деп курал колдонушкан. 7-апрелде борбордук аянтка оппозициянын лидерлерин бошоткула, мыйзамсыз ишиңерди токтоткула деген чакырыгына бийлик ок менен жооп берип, ушул Апрель окуясы болуп кетти. Каргашалуу окуя болуп, кыйын болгон.
Башыбызга чоң сыноо келген, бирок кыйын учурда убактылуу өкмөт түзүлүп, жоопкерчиликти өздөрүнө алып, кыска мөөнөттүн ичинде Кыргыз мамлекетиндеги туруктулукту орноткон. Бардыгына бирдей шарт түзөбүз деп шайлоого аттанганбыз. 2010-жылы октябрда шайлоо болуп, 5 партия өтүп келген. Убактылуу өкмөткө кирген партиялардан биз өтпөй калдык. "Ата Мекен" партиясы эң артта калды. Анткени биз таза, ачык бийлик түзөбүз деп умтулганбыз. Бирок ошол убакта кээ бир шылуундар Апрель окуясын, андан кийин июнь окуясын колдонобуз деп ар түрдүү чагымчыл лозунгдарды жайып, элди экиге бөлүүгө аракет кылып, ошонун негизинде бурмалоо жолу менен парламентке келип алышты. Бул дагы ачуу чындык, ошого карабай биз шайлоонун жыйынтыгын тааныганбыз.
Ойлогон ой, алдыга койгон максаттардын баарын аткардык деп айта албайбыз, бирок кандайдыр бир эрежелерди киргизүүгө мүмкүнчүлүк болду", - дейт Сариев.