Апрель революциясына 10 жыл толду. 7-апрель Кыргыз өлкөсүндө Апрель революциясы болгон күн. 2010-жылы Талас, Нарын шаарларында бийликке карата нааразычылык иш-чаралары башталган. Мындан улам ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин бийлиги оппозициялык саясатчыларды камакка алган. 7-апрелде эл камакка алынгандарды бошотуу талабы менен чыгышып, Бакиевдин бийлигин кулатышкан. Бул күнү 100гө жакын киши окко учуп, бир канча адамдар ар кандай жаракат алышкан. Негизи көп учурда ошол окко учкандардын каны акталдыбы деген суроо туулат.
Мындан улам SUPER.KG порталы "Апрель революциясы максатына жеттиби, жүзгө жакын жарандын каны акталдыбы?" деген собол салды.
Утурумдук өкмөттүн мүчөсү Эмилбек Каптагаев Апрель элдик революциясы үчүн жанын курман кылгандардын каны бекер төгүлгөн жок, алар эркиндик үчүн, элдин, өлкөнүн жаркын келечеги үчүн курман болушту деген ойдо.
"Азыр Апрель окуяларына ар кандай өңүттөн баа берилип, саясий серепчилер ар кандай көз караштарды, позицияларды, ой-жүгүртүүлөрдү билдирип келет. Революциянын натыйжасында бийликтен кетип, байлыктан ажырап, мурдагыдай ичип-жеп жашай албай калган пенделердин айткандарына көңүл бурбай койсок деле болмок, алар айтып-айтып кала беришмек. Бирок ошол Апрель революциясынын аркасы менен эркиндик алып, демократиялык шарттардан толук пайдаланып жатышкан окумуштуулар, журналисттер, ошондой эле саясатчылар тарабынан карандай калп, негизи жок пикир айтылып, ар кандай гезиттерге байма бай жазылып жатканы зээнди кейитпей койбойт. Алар “Апрель окуяларынан кийин социалдык, саясий жана укуктук чөйрөдө эч кандай өзгөрүү болгон жок, ошондуктан революция болду деп айта албайбыз” дешет. Мындай сөздөрдү саясий сокурлук деп ачык эле айтууга болот. Балким, алар кандайдыр бир саясий максатты көздөө менен куйтулук кылып да жатышат.
Апрель революциясы жөнүндө айтуудан, ага саясий сын берүүдөн мурда ошол кырдаалды, 2010-жылга карата калыптанып калган саясий режимди, мамлекеттик башкаруудагы мыйзамсыз түзүмдөрдү, ачыктан-ачык эле жасалып жаткан коррупциялык иштерди, каракчылыкты, канкорлук менен өлтүрүлгөн депутаттарды, журналисттерди, саясатчыларды эстеп, аларга сергек талдоо берүү керек деп ойлойм.
Ошол учурда Бакиев, анын балдары, бир туугандары, аларга жакын болгон, алардын кызматын кылган адамдар мыйзам чегинен сырткары чыгып алышып, “кой деген кожо жок, ай деген ажо жок”, “өзүбүздү өзүбүз билебиз, өтүгүбүздү төргө илебиз” деп Кыргыз өлкөсүн эли-жери, бүтүндөй табигый жана башка байлыктары менен басып алышып, өлкөнүн толук кожоюну болуп калышпады беле. Мыйзам чегинде аларды бийликтен кетирүү, жоопко тартуу, алардын талоончулук аракетинен өз бизнесин, мүлкүн коргоп калуу карапайым адамдар үчүн мүмкүн болбой калган. Өйдө карап сүйлөй турган, алардын кыянаттык иштерин ачык айта турган киши дээрлик калбай калганын азыр кантип танабыз. Алар өз бийликтерин түбөлүк орнотуп алгандай пейил күтүп, улуттук байлыктарды сатып, элдин ырыскысын талап-тоногону аз келгенсип, президенттик бийликти укумдан-тукумга өткөрүп берүү жолун даярдап, Конституцияга атайын өзгөртүүлөрдү киргизүүгө камынып калышкан. Бакиевдердин бул демилгесин ошол кездеги “Ак Жол” партиясы, алар көпчүлүктү түзгөн Жогорку Кеңеш, атүгүл мыйзамдуулуктун тиреги болгон Конституциялык сот дагы колдоп чыкканы азыр эч кимдин эсинен чыга элек. Мына ушул жагдайдан улам элдин бардык катмарында нааразычылык күчөп, канкор үй-бүлө бийликте турганда Кыргыз мамлекетинин келечеги жок экендигине көз жеткен, келечектен, жакшылыктан үмүт үзүлгөн. Натыйжада эл толкуган.
Мына ушундан улам - Апрель элдик революциясы үчүн жанын курман кылгандардын каны бекер төгүлгөн жок, алар эркиндик үчүн, элдин-өлкөнүн жаркын келечеги үчүн курман болушту – деп так эле айтууга болот. Революция өзүнүн негизги саясий максаттарына жетти. Бакиевдердин канкор бийлиги кулады, өлкөдө демократиялык маанай, адам эркиндиги кайра кайтарылып, уурдалган мүлктөрдүн бир тобу мамлекетке кайтарылды. Буга далил катары текейден арзан сатылып кеткен энергетика тармагын, телекомду, "Мегакомду" жана башка 40тан ашуун мүлк объектилеринин улутташтырылганын, он жыл ичинде 2 жолу башкы бийлик шайлоо жолу менен алмашканын, 2 жолу парламенттик шайлоо, 2 жолу жалпы элдик добуш берүү – референдум өткөнүн, мурдагыдай буюртма киши өлтүрүү токтогонун, адам эркиндиктери менен укуктарынын калыбына келгенин айтууга болот. Булар талашсыз фактылар.
Ал эми эл күткөндөй социалдык жана экономикалык өнүгүүгө чыга элек экендигибиз да факт, бийлик түзүмдөрүнүн ишинде коррупциялык элементтерден арыла албай жатканыбыз да факт. Көп нерсе 2011-жылы президент болуп шайланган Атамбаевдин Апрель революциясынын идеяларына чыккынчылык кылганынан улам ошондой болуп калды, анын кесепети абдан эле тийди. Бирок алган багытыбызды улап, өлкөнү коррупциядан тазалай алсак өсүп-өнүгүү да келет, башка өлкөлөрдөгүдөн кем эмес жашоо шарты да болот. Башкысы өлкөдө тынчтык болуп, элибиздин аманчылыгы", - дейт Каптагаев.