Коронавирус жуктурууну 99 пайызга жөнгө салса болот, кантип? Вирустун очогунда иштеп жаткан дарыгердин кеңеши

АКШнын Нью-Йорк шаарында борбордук клиникада коронавирус менен ооруган бейтаптарды карап жаткан дарыгер Дев Прайстын интервьюсу жарык көрдү. Анда ал коронавирусту кантип "айланып өтүүнүн" жолдорун айткан.

"Биздин госпиталь Нью-Йоркто коронавирус менен ооруган ар бир бешинчи бейтапты кабыл алууда"

- Биздин госпиталда органдарды трансплантациялоо жана башка операциянын бардык түрлөрү жүргүзүлөт. Бирок учурда биз COVID-19 инфекциясы менен ооругандарды гана карап жатабыз. Мен күндө коронавирус менен жабыркаган бейтаптар менен иштешем. Күн сайын биз вирус тууралуу жаңы нерселерди билип жатабыз. Ал өзүн кандай алып жүрөт, кантип күрөшүүгө болот дегендей...

Бул вирустун уникалдуулугу, анын адамдын организмине тааныш эместигинде. Биз вирус тууралуу негизги 3 белгини билебиз, бул дене табынын көтөрүлүшү, жөтөл жана тамактагы оору. Оору 5-6 күндөн 14 күнгө чейин узарышы мүмкүн.

COVID-19 инфекциясын кантип жуктурушат?

- Көпчүлүк вирусту жуктурган же инкубациялык абалда жүргөн адам менен көпкө чейин байланышта болуудан вирусту арттырат. 99,9 пайыз физикалык байланыш болгондо (учурашканда же колу менен көзү, мурду, оозуна тийгенде) жугат. Аба аркылуу да вирусту жуктуруп алса болот деген пикирлер бар. Байкоолорго ылайык, 15-30 мүнөт вирус менен жабыркаган адам менен жакын аралыкта болсо, вирусту арттыруу коркунучу бар. Дагы бир жолу кайталайм, вирус физикалык контакт болгондо көбүрөөк жугат. Бул аябай маанилүү жагдай. Мен коронавирус менен ооруган толтура бейтаптардын арасында күндө иштесем да вирус жуктурбашыма ишенем. Себеби мен вирустун жугуу жолдорун жана өзүмдү кандай алып жүрүүнү билем.

Вирусту жуктуруп албоо үчүн эмне кылуу керек?

1. Негизгиси, колуңуз тазабы-жокпу жана кайда турат, ошону байкап туруу. Ар дайым санитайзер колдонуу. Лифтке кирип, баскычты бастыңбы - санитайзер, эшикти ачтыңбы - санитайзер. Эгер санитайзер жок болсо, кыймыл-аракетти чыканак менен кылууга болот. Ар нерсени кармаган сайын колду дезинфекциялап же жууп турууну унутпоо керек.

2. Дагы бир маанилүү жагдай. Кол менен жүзүңүздү кармай бербеңиз. Ар дайым баамдап туруңуз. Анткени биз байкабастан бетибизди кармай беребиз. Статистикага ылайык, адам күнүнө 90 жолу жүзүн кармайт. Эгер сиз коронавирус жуктурган адам менен билбей кол алышып учурашып алдыңызбы, андан кийин жүзүңүздү кармадыңызбы? Анда сиз да оорудум дей бериңиз!

Мындай адатты кантип калтырса болот?

- Эң жакшы жолу - бет кап тагынуу. Бул вирус жукпайт деп коргонуу катары эмес, жүзүңүздү кармалай берген адаттан арылуу үчүн керек. Медициналык бет кап болбосо да мейли, керек болсо жоолукту деле тагынып алсаңыз боло берет, башкысы жүзүңүздү кармай берген адатты жок кылуу керек.

Андыктан жөнөкөй кеңеш - үйдөн чыгарда бет кап кийип алыңыз!

Колду таза кармап, жүзүңүздү кармабасаңыз эле вирустан коргондум деп ойлой бериңиз!

Бул 99,9 пайыз сизди вирус жуктуруп алуудан сактайт. Дагы 0,01 пайыз кандай жукканы белгисиз, аны биле да албайбыз. Бирок сиз ушул эки жагдайды эске алуу менен өзүңүздү жана жакындарыңызды сактай аласыз.

3. Сизге респиратор керек эмес. Ооруканада мен бейтапка дем алуу органдарын тазалоо үчүн жөтөлтүүчү атайын процедураларды жүргүзгөндө гана кием. Башка учурда кадимки эле медициналык бет кап менен жүрөм. Гонконг менен Сингапурда ушул ыкмаларды колдонуу менен бир да медициналык кызматкер вирусту жуктурбаганы маалым. Ооба, Нью-Йорктун клиникаларында вирус жуктурган медициналык персоналдар бар. Алар бейтаптар менен байланышуу учурунда коргонуучу каражаттарды кийишкен эмес.

4. Аралыкты сактоо. Бири-бириңизден 1,5-2 метр алыстыкта туруңуз. Бул андай деле оор эмес.

Эгер ушул төрт эрежени сактасаңыз, коронавирусту жуктуруу коркунучу да жоголот.

Коронавирус жуктуруп алсаңыз эмне кылуу керек?

- Эгер дене табыңыз көтөрүлүп жатса, башка үй-бүлө мүчөлөрүнөн өзүңүздү алыс кармаңыз. Үйдүн башка мүчөлөрү да жогорку 4 эрежени сактоосу зарыл. Эгер мүмкүн болсо, өзүнчө бөлмөгө бөлүнүп алыңыз. Эгер ал тамак жегени чыкчу болсоңуз, алдын ала колду жууп, бет капты кийип алыңыз. Тамактанганга чейин колуңуз тийген нерселердин баарын дезинфекциялоо керек. Башкалар менен көп убакыт байланышпоо кажет.
Көчөгө чыкса болобу?
- Ооба! Болгону эрежелерди сактоону унутпаңыз!
Дезинфекция каражаттары тууралуу

- COVID-19 бардык дезинфекциялоочу каражаттан өлөт. Кичинекей гана тамчы вирусту өлтүрүп коёт.

Дүкөндөн алып келген азыктарды дезинфекциялоо керекпи?

- Эгер вирус көп катталган аймакта жашасаңыз, бул идеяңыз жакшы. Эгер курьер азыкты алып келсе, азыкты эшиктин сыртына калтырып кетүүнү айтыңыз. Кийин кол капты кийип, баштыкты дезинфекциялап чыгыңыз. Бул коопсуздуктун жакшы ыкмасы.
Көчөгө кийген кийимди дароо дезинфекциялоо керекпи?

- Мен бейтаптар менен 12 саат иштеген дарыгер катары нөөмөттү өткөрүп берген соң кийимдеримди сөзсүз жууйм. Ал эми жөн гана сыртка чыккан адамдардын сырткы кийимин жуушунун кажети жок.

Инкубациялык убакыттын узактыгы эмнеден көз каранды?

- Байланыштын убактысынан көз каранды. Мисалы, медициналык кызматкер коргонуучу кийими жок кабылдамада отурса, эки күндөн кийин ооруйт. Эгер вирустун жеңил түрүн жуктурган адам менен кыска аралыкта байланыш болсо, инкубациялык убакыт 14 күнгө барат. Инкубациялык убак андан узакка созулган учур аз. Ошондуктан эгер сизде ооруган адам менен байланыштым деген кооптонуу болсо, бирок эки аптадан кийин да оорунун белгиси болбосо, демек, сиз ооруну жуктурган жокмун деп ойлой бериңиз.

Оору кайсы курактагыларда көп катталат?

- Биздин ооруканага 23, 35, 45 жаштагылар келишет. Алардын көпчүлүгүндө өнөкөт оорусу жок. Алгач пандемиянын башында оору карыгандар, кант диабети же рак оорусу менен ооругандарды "басат экен" деген туура эмес маалымат болгон. Мен акыркы 3 аптадан бери коронавирусту жуктурган бейтаптар менен иштешип жатам. Жаш болуп, бирок ооруну оор көтөргөндөр бар, ошол эле учурда карыган болсо да ооруну жеңил көтөргөндөр да бар.

Дарылар тууралуу

- Биздин госпиталда ибупрофенди колдонбой калдык. Ибупрофен абалды начарлатары тууралуу бир нече изилдөө жүргүзүлгөн. Андыктан ооруган учурда парацетамол ичиңиз.

Коронавирус дагы канчага созулушу мүмкүн?

- Менимче, социалдык изоляция 3 айдан 9 айга чейин созулат. Бул абдан көп. Бирок пандемиянын күчөгөн маалын башынан өткөргөн чоң шаарлардын тажрыйбасына караганда, биринчи учурда вирустун жайылуусун жөнгө салуу керек. Ооруканаларды бошотуу үчүн бейтаптардын санын азайтуу зарыл. Изоляцияны жакынкы айларда аман калуу үчүн ыкма катары туура түшүнүү менен кабыл алуу керек. Азыр дүрбөлөңгө түшпөй эрежени гана сактоо кажет. Негизгиси, жаңы эрежелерге баш ийип жашоо туура. Эрежелер адатка айланып калганда мындай нормалар анчалык деле коркунучтуу, оор болбой калат.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
erlan2196
2020-04-07 19:53:33
Азыр коронавирусту окмот уже не может контралировать. Бирин айыктыргыча бешоо жуктуруп койгон болот. Вирус - бул козго корунбойт. Андыктан ким вирус жуктурганын билбейсин. Азыр ар ким озу учун кам коруш керек. Бул вирус жакын арада бутчудой эмес. Так что азыр турмодо жаткандай эле уйдо жатыш керек. Ошондо гана эффект болбосо башка жол жок.
+5
Kubatbek1974
2020-04-07 20:12:07
Эрежени сактап үйдөн чыкпай жатыш керек
+6
Usow
2020-04-07 20:19:04
Абдан зор кенеш ушул кенештерди угуп бат баттан дезинфекция кылып колду таза кармап айтылган эрежеге катуу болсок бат эле женууго бодчудай. Биздин дарыгерлер да бул жонундо толугураак маалымат алуусу керек Чон рахмат сизге
+5
KalenAlmaz
2020-04-07 20:23:18
Окмотко ишенсен анда 9 ай жатасын уйдон чыкпай жаткыла анда
-3
jenishbek85
2020-04-07 21:47:51
KalenAlmaz, озуно ишенсен кочодо журо бер анда
+2
Aimani
2020-04-08 01:51:12
Оо Кудай! Бир, бир жарым айда эле бүтүп калса экен ушул жаман оору.
+4
Shaa-82
2020-04-08 09:34:36
Ото сонун кенештер.
0
dair_17
2020-04-08 09:44:00
Эн тушунуктуу керек экен
0
Nuria2020
2020-04-08 11:00:09
Айылда келиндер и так эле карантинде болчу билинбей эле өтүп жатат бизге. Аллах өзү шыпаасын берсин. Сабр кылабыз
+2
maks992
2020-04-08 14:31:23
биздин дарыгерлер эрежелерди сактабай коюшту окшойт а
+1
adyl.por
2020-04-08 16:39:47
Жакшы
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан