Дүйнөгө кучагын жайып жаткан коронавирус пандемиясы футболго дагы чоң таасирин тийгизди. Алсак, быйыл өтө турчу Европа чемпиондугу кийинкиге жылдырылса, эң ири турнир болгон Чемпиондор Лигасы вирустун айынан белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Бул инфекциядан атактуу футболчулардын дагы трансфердик баасы 20 пайызга арзандады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Англия Премьер-Лигасында (АПЛ) эң кымбат футболчу делинген Рахим Стерлингдин трансфердик баасы 160 миллион евродон 128 миллион еврого түшкөн. "Барселона" клубунун чабуулчусу Лионель Мессинин баасы 140 миллиондон евродон 112 миллион еврого түштү. Ушул эле команданын дагы бир чабуулчусу Антуан Гризманндын трансфердик баасы 120 миллион евродон 96 миллион еврого түшүп калды.
Буга чейин "Бавария" футболдук клубунун мурунку президенти Ули Хёнесс коронавирустун айынан футболчулардын трансфердик баасы арзандарын, мурунку футболго кайтып барыш үчүн кеминде 2-3 жыл керектелерин айткан.