Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү: "Ат-Башыда митинг, жыйналыштарды өткөрүүгө тыюу салынат"

Бүгүн, 11-майда өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов маалымат жыйын берип жатат. Анда өкмөт өкүлү облус аймагындагы акыркы абал тууралуу маалыматтарды айтып жатат.

"11-майдан баштап бардык жерде өзгөчө абал алып салынып, өзгөчө кырдаал иштеп баштады. Өкмөт тарабынан Ат-Башы жергесинде атайын карантинди киргизүү боюнча буйрук чыккан. Ошондуктан бул аймакка карантин киргизилди", - деди өкүл.

"Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды, Ак-Жар жана Ат-Башы айылдарынын кире беришинде санитардык-карантиндик посттор уюшулду. Ат-Башы жана Ача-Кайыңды айылдарындагы соода түйүндөрү кечки 19:00гө чейин, ал эми калктын күнүмдүк керектөөлөрү, авто тетиктерди, курулуш материалдарын саткан соода жайлары 18:00гө чейин иштейт. Ошондой эле кызмат көрсөткөн чач тарач, сүрөт салон, автоунаа оңдоочу жайлары да 18:00гө чейин иштей турганы анык болду. Район аймагында митинг, жыйналыш өткөрүүгө тыюу салынат. Эпидемиологиялык абалды күчөтүлгөн тартипте көзөмөлдөө үчүн айыл өкмөттөргө бир катар тапшырмалар берилди. "Береке" базары саат 9:00дөн 14:00гө чейин иштөөгө уруксат бердик", - деп кошумчалады Алымкулов.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан