Биз социалдык тармакта

Муфтият: "Орозо 24-апрелде башталышы мүмкүн"

Быйыл орозо кайсы күнү башталарын сураган окурмандар көп болгондугуна байланыштуу SUPER.KG порталы Мусулмандар дин башкармалыгына кайрылды.

Муфтияттын билдирүүсүнө ылайык, орозо ушул айдын аягы, тагыраагы, 24-25-апрелде башталышы мүмкүн.

“Биз тараптан орозонун так күнү аныктала элек. Бул боюнча жакынкы күндөрү аалымдар кеңеши тарабынан так маалымат берилет. Бирок календарь ушул айдын 24-25-апрелин көрсөтүп жатат. Орозо болжол менен ушул айтылган күндөргө дал келиши мүмкүн”, - деп билдиришти мекеменин басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
kechirmeni
2020-04-07 12:36:44
Урматтуу админ, маалыматынарга рахмат, анан бир сураныч орозону кандай кармайбыз сурап бергилечи себеби, тез тез ысык суу ичип тамакты кургатпай нымдаптуруу сунушталып жатат го ошого орозо кармасак кандай болот экен, рахмат
-7
Гүлшат Ысамамат кызы
2020-04-07 13:12:41
kechirmeni,Рахмат. Ооба, маалымат беребиз.
+4
kechirmeni
2020-04-07 13:13:19
Гүлшат Ысамамат кызы,Рахмат!
+1
Omar.
2020-04-07 13:14:22
kechirmeni, Орозону өзүнүн эрежеси менен эле кармайбыз.
-2
ZUXRIDDIN20
2020-04-07 13:39:27
Omar.,туура астасыз. Азыркы убакытта Кыргызстантанда аркандай пикирлер чыгып адамдар ошол усулда орозо түтүнү башташкан. Мисалы карын ачып суусап кетсе бир уртам суу менен тамакты нымдоого уруксат дегендей. Бирок бул туура эмес
-4
admin_portal
2020-04-07 15:42:55
Kairat1996, башкалардын улутун, динин жана башка нерселерин кемсинткен билдирүүлөргө тыюу салынган. Эскертүү!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан