Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунда тургундар кайрадан топтолушууда. ОИИБи билдиргендей, 28-август күнү кечинде саат 21:00 чамасында Саруу айылында 500дөй адам чогулуп "Кумтөр" кенине барчу жолду тосушту. "Сүйлөшүүлөрдөн кийин жол ачылган. Бирок бүгүн кайрадан элдер топтолуп жатышат",- деп билдирет мекеме. Эскерте кетсек, кечээ УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы май айындагы Жети-Өгүздөгү баш аламандыктардын уюштуруучулары Эрмек Жунушбаев менен Бактияр Курмановдун "Кумтөрдөн" 3 миллион доллар талап кылгандыгы тууралуу видеону жарыялаган эле.