Бүгүн Ысык-Көл облусунда 3 мектептин ачылышы болот

Бүгүн, 29-августта Ысык-Көл облусундагы курулуп бүткөн 3 мектептин ачылыш аземи болот. Ага Архитектура, курулуш турак жай жана коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Каныбек Нарбаев жана Ысык-Көл облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаев катышышат. Пресс-тур учурунда Түп районунун Кичи-Өрүктү айылындагы Бахтияров атындагы 150 орундуу мектеп, Каракол шаарынын Восход кичи районундагы 442 орундуу мектеп жана Ак-Суу районунун Маман айылындагы 240 орундуу мектеп ишке берилет. Маалым болгондой, бул 3 мекемени курууга 69 миллион 747 миң сом бөлүнгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан