Биз социалдык тармакта

"Өзүм дагы түшүнбөй калдым" Ленин РИИБинин жетекчиси Мадияр Кулуев кызматынан бошотулду

Ленин РИИБинин жетекчиси Мадияр Кулуев кызматынан бошотулду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Мадияр Кулуев өзү билдирди.

"Эртең менен жумушка келсем эле мени жумуштан бошотулдуң дешти. Мен өзүм дагы түшүнбөй калдым. Буйрук дагы чыгып калыптыр. Менин кызматкерлерим деле эч кандай тартип бузган эмес. Ошондой эле мага карата арыздар да жок. Эмнеге экенин түшүнбөй калдым. Алдыда маалымат жыйын берем", - деди ал.

Буга чейин социалдык тармактарда Мадияр Кулуев тарапка бир канча даттануулар болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
kechirmeni
2020-04-07 13:46:57
кызматынан аша чаап кетсен керек да
+16
Aikaaaa
2020-04-07 13:59:29
Ашуудан ат алмашпайт деп коет кыргыз элинде. Эми ушу министр, кадр алмаштыруу дегенине жетишишет го, карантин бүткөндө деле разборкасын кылышып. Өзүлөрү айтып атышты эле эч кимди жумушунан увольнять эткенге болбойт деп. Баары эле эмне болуп калышты түшүнбөйсүң
+15
turmus
2020-04-07 14:18:09
Плов жеп отурсан местанды алдырдын дештиби???
+18
Snare
2020-04-07 14:33:25
Жей берип кош ээк болуп калыпсын,ошого алды да.
+12
muras111211
2020-04-07 14:56:32
Эч себепсиз Айтбай дебей кызмат ордунан алганга эч кимдин акысы жок .
Бул жанакы Кашкар деген кишинин чыгармасы окшойт да .
Эмнеси болсо да ишиңизге ийгилик Мадияр аке.Бул Ленин районунда белгилүү эле Ош базарында канча деген кылмыштар катталат ошонун баары м.н иштеш кыйын.
-3
Aimani
2020-04-07 16:01:22
Местасы бирөөгө керек болуп калган го
+6
Kaary
2020-04-07 18:44:16
Бир күн базарга келсе эле, местасы сатылып кетиптир башка кардарга! Мадияр аке башка месталарды караштырып көрүңүз эми, карыз алып болсо да үйдө жатпай.
+4
baltabaev
2020-04-07 18:49:20
Ырас эле болуптур,алдыгы салмагыныз менен кантип РИИБде иштединиз(иштединиз дейм да отурдунуз)?
0
fora
2020-04-07 18:52:05
Кашкарды да кетирсе болот эле
+4
didu
2020-04-08 07:00:43
места аренда экенда толобосо айдайтта
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан