"Кумтөрдөн" 3 миллион доллар талап кылды деп айыпталган Эрмек Жунушбаев менен Бактияр Курманов кармалды
"Кумтөрдөн" 3 миллион доллар талап кылган" деп айыпталган Бактияр Курманов (сүрөттө) менен Эрмек Жунушбаев кармалды. Муну Ысык-Көл ОИИБинен билдиришти. Кармалгандар ишканадан акча талап кылгандарын моюнга алышкан жок. "Алар ишкананын өкүлдөрү менен жолугушканын, бирок маалымат булактарында жайылып кеткен видеодогудай сүйлөшүү болгон эместигин айтышууда. Учурда жолугушууга катышкан "Кумтөрдүн" өкүлү Дуглас Гриер менен байланышууга аракет кылып жатабыз",- деп билдирет ОИИБ.