Кыргыз өлкөсүндө 7-апрелден 8-апрелге караган түнү 2 жолу жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлайт.
Маалыматка ылайык, түнкү саат 2:18де очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жердин силкингени Жалал-Абад облусунун Аксы районунун бир катар айылдарында сезилген. Ал эми саат 3:51де очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө болгон. Ал Алай районунун бир катар айылдарында сезилген, Көк-Суу айылында 4 балл, Нура айылында 3 баллга жеткен.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.