Биз социалдык тармакта

Бишкек шаарынын коменданты маалымат жыйын берүүдө. Өткөн суткада 58 адам коменданттык сааттын талаптарын бузган (хронология)

Бүгүн, 8-апрелде Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев онлайн маалымат жыйын берүүдө.

2020-04-08 11:21:00

Анын айтымында, Бишкек комендатурасына 2-7-апрель күндөрү өткөрмө кагаздарын алуу үчүн 16 213 электрондук арыз келип түштү. Алардын ичинен 725 арыз жактырылган.

2020-04-08 11:20:00

"Бишкек шаарынын аймагында дезинфекциялоо ишин жүргүзүү үчүн карантиндик зоналар түзүлдү. Анда төмөнкү көчөлөргө тосмолор коюлган. Ахунбаев-Чапаев, Жаш Гвардия, Жибек Жолу, Салиева, Курманжан датка жана 7-Апрель көчөлөрүнө тосмолор коюлду", - дейт ал.

2020-04-08 11:17:00

Алмазбек Орозалиевдин айтымында, Бишкек шаарында коомдук абал туруктуу. "Бишкекте өткөн сутка ичинде коменданттык сааттын талаптарын 58 адам бузган. Алардын ичинен 8 аял жана 50 эркек", - дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан