“Кумтөрдөн" 3 миллион доллар талап кылды деп айыпталган Бактияр Курманов менен Эрмек Жунушбаев кармалды деген маалымат жалган. Муну Эрмек Жунушбаев биздин порталдын кабарчыларына өзү билдирди. Айтымында, алар учурда Саруу айылында жүрүшөт. Буга чейин аталган экөөнүн кармалганы тууралуу маалымат Ысык-Көл облустук ИИБи тарабынан жарыяланган эле.