Кыргыз өлкөсүндө доллар арзандай баштады. Сутка ичинде ал 1,1 сомго арзандаган. Азыр долларды сатып алуу 81,4-81,8 сом болсо, аны сатуу 82,3-82,7 сомго чейин жетүүдө.
Ал эми Улуттук банктын курсу 84 сом 87 тыйын.
Эске салсак, 19-март күнү кечинде доллардын курсу дароо 12 сомго, тагыраагы, 73 сомдон 85 сомго чейин көтөрүлгөн. Бул абал Улуттук банктын базардан 3,7 миллион доллар сатып, интервенция жасоого аргасыз кылган. Бирок кийинки күнү курс 78 сомго чейин түшүп, 24-мартка карата абал турукташкан.