Жалал-Абад. Ош-Бишкек унаа жолунун жээгиндеги соода-сатык жайлары текшерилди

Жалал-Абад облустук прокуратурасы Ноокен, Базар-Коргон райондорунда Ош-Бишкек унаажолунун жээгиндеги соода-сатык жайларын текшерип, ээлерине эскертүү берди. Соода жүргүзгөндөр трассадан 14 метр алыс аралыкта жайгашуусу керек деген талап аткарылбай жаткандыгы текшерүү учурунда белгилүү болду. Сатуучулар жолго 5-7 метр жакын жерге баш аламан соода жайларын куруп, күнү-түнү коон, дарбыз жана жашылча сатышкандыктан, жол кыймылына кооптуу кырдаал жаратат. Текшерүүдөн кийин өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнө, ОИИБинин жетекчилигине, Ноокен жана Базар-Коргон районунун акимдерине тийиштүү тапшырмалар берилди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан