Өкмөт: "Ысык-Көлдө катталган кара тумоонун Кыргызстанга жана коңшу өлкөлөргө коркунучу жок"

“Ичке-Жергез айылында катталган кара тумоо Кыргызстандын тургундары жана коңшу өлкөлөрдүн эпидемиологиялык абалы үчүн коркунуч алып келбейт. Учурда Ак-Суу районунда абал дарыгерлердин жана эпидемиологдордун көзөмөлүндө. Жергиликтүү жашоочулардын, ошондой эле дүйнөлүк коомчулуктун арасында кооптонуунун жана кырдаалды курчутуунун эч кандай себеби жок”. Муну өкмөт 28-августта билдирди. Айрым чет элдик ММКларда "Ысык-Көлдөгү кара тумоо эпидемияга айланат” жана “Кыргызстан коңшу мамлекеттерге коркунуч жаратууда”- деген маанидеги маалыматтар чыкты. Мындай билдирүү Кыргызстандын Шериктеш мамлекеттер арасында туристтик борбор катары беделине шек келтире турганын айтат өкмөт. Эске салсак, 22-августта Ак-Суу райондук ооруканасында Ичке-Жергез айылынын тургуну 15 жашар Темирбек Исакунов “кара тумоо” диагнозу менен каза тапкан. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан