Биз социалдык тармакта

Карантинде кар жаады. Бүчүр байлап, мөмөсүн түйгөн бактар кар алдында калды (фото)

Республиканын аймагында аба ырайы кескин өзгөрүлүшү күтүлүп жатканын ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашкан. Бүгүн, 9-апрелге карата Бишкекте дагы кар жаап жатат. Мындан улам алма, өрүк, алча, шабдалы, гилас, карагат, малина жана башка гүлдөгөн, бүчүр байлаган бактар кар алдында калды.

Кардын жаашы гүлдөгөн жана гүлдөп гүлү түшкөн бактардын бүчүрлөрүнө, данектүү мөмө бактарына зыян алып келди.

Ошондой эле шамалдын кесепетинен дарактын бутактары сынып, унааларды басып калган учурлар дагы болду.

10-апрелде Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде абанын температурасы -1…-3° градус, Талас облусунун дыйканчылык аймактарында -2…-4° градус, Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында -2…-4° градуска төмөндөп, үшүк жүрөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Krai
2020-04-09 09:51:33
Кар жаап атың очкур жанагы вирусту жок кылсынчы
+10
Kylychisa
2020-04-09 10:04:19
Момо жемиштерге зыяны тийсе быйыл да кымбатчылык болушу мумкун
+1
AZIK01
2020-04-09 10:10:02
Жемиштер олду.
-2
Ziregim
2020-04-09 15:16:32
Ак жакшылыктын жарчысы, ылайым баардык жамандыкты жууп кетсин!
+1
murat17
2020-04-09 16:14:27
быйыл дуйнону кризис кутуп турса олгондун устуно комгон кылды бул кар орук шабдалы гиларс кайноолу баары ушук алды
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан