Биз социалдык тармакта

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бир сутка ичинде кандай иштерди аткарганын айтты

Өткөн сутка ичинде ӨКМ тарабынан аткарылган иштер боюнча кыскача маалымат. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 8-апрель күнү өлкө боюнча 1 миллион 600 погондук метр унаа жолдор дезинфекцияланган.

"Жалпысынан 12 миң 77 орундук даярдалды. Бишкек шаарындагы жана региондордогу обсервацияда жайгаштырылган жарандарга ӨКМ тарабынан күн сайын 3 маал ысык тамак-аш берилүүдө. Өлкө боюнча санитардык-карантиндик жана блокпостторго ӨКМ тарабынан 120 даана чатыр жана 56 мобилдик турак үй орноштурулган. 112 ыкчам номуруна өткөн сутка ичинде жалпы 7 миң 800 чалуу катталып, анын ичинен 665 коронавирус боюнча чалуу түшкөн. ӨКМ тарабынан 415 куткаруучу жана 107 унаа тартылган", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан