Жалал-Абад. Сузак районунан "Хизбут-Тахрир" уюмунун мүчөсү кармалды

27-августта Жалал-Абад облусунда "Не легал" аттуу рейд жүрүп, Сузактан "Хизбут-Тахрир" уюмунун мүчөсү Абдылдажан Изатуллаев кармалды. Муну ОИИБинин басма сөз кызматы маалымдады. Тинтүү учурунда Изатуллаевдин автоунаасынан жана үйүнөн аталган уюмга таандык буюмдар табылды. Алар китептер, баракчалар, дисктер жана башкалар. Факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан