"Кумтөрдөн" 3 миллион доллар талап кылуу фактысы тартылган видеотасма экспертизага жиберилет

"Кумтөрдөн" 3 миллион доллар талап кылуу фактысы тартылган видеотасма экспертизага жиберилет. Муну Жети-Өгүз районунун акими Беккубат Иманкожоев билдирди. “Айыпталып жаткан Бактияр Курманов менен Эрмек Жунушбаев аталган ишканадан эч кандай акча талап кылышпагандыгын айтып актанышууда”,- деп билдирди. Эске салсак, 28-августта аталган видеотасмага байланыштуу Саруу айылында 100гө жакын адам чогулган. “Биз видоетасманы экспертизага жөнөтүүгө аракет кылып жатабыз. Бизге далил керек, андан кийин гана биз кандайдыр бир чечимдерди кабыл алабыз”,- деди Иманкожоев. Айта кетсек, аким Беккубат Иманкожоев ЖКнын депутаты Эркингүл Иманкожоеванын бир тууган агасы.

Кумтөрдөн 3 000 000 доллар талап кылышканбы?
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан