Бүгүн, 9-апрелге карата Бишкек шаарында, Чүй облусунда, Баткен облусунун Лейлек районунда, Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында, Аксы районунда, Ош облусунун Алай, Өзгөн, Кара-Кулжа райондорунда кар жааса, Ош шаарында жамгыр жаап жатат. Ал эми республиканын калган аймактарында күн бүркөө экенин ӨКМнын басма сөз кызматынан маалымдашты.
Кардын жаашы эрте гүлүн ачкан гүлдөргө, бактарга анын мөмөлөрүнө зыян алып келди. Бишкек шаардык мэриясы кар алдында калган жоогазындардын, сакуралардын сүрөттөрүн жарыялады. Ошондой эле ээн калган шаардын борбордук бөлүгүндөгү көрүнүштү дагы сүрөттөр аркылуу көрсөтүштү.

Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкө аймагында абанын температурасы кескин төмөндөп, үшүк жүрөрүн билдирген.